10:45 26 февраля 2021

КМТУда Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлык жыйынтыкталды

2021-жылдын 25-февралында И.Раззаков атындагы КМТУда Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чарада университеттин тил үйрөтүү борборлорунун жана тиешелүү кафедраларынын көргөзмөлөрү жана презентациялары көрсөтүлдү, ар кайсы улуттун тилинде ырлар жана бийлер аткарылды. Бул иш-чарага КМТУнун ректору М.Чыныбаев, Кыргызстандагы ТОМЕР тил үйрөтүү борборунун директору Ахмед Гозубол, Кыргызстандагы Конфуций институтунун директору Ду Хуа жана башкалар катышты.

Бул салтанатты КМТУнун өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Төрөбеков ачып, майрамдын катышуучуларына жана конокторго каалоо-тилек айтып, Эне тил күнүнө арналган иш-чара менен куттуктады.

Конференциянын катышуучулары жана коноктор борборлор уюштурган көргөзмөлөргө жана концерттик номерлерге күбө болушту. «Кыргыз тили» кафедрасы тарабынан улуттук тамак-аштардын түрлөрү, улуттук кийимдер көрсөтүлүп, комуз күүсү чертилип жана окутуучулардын ыры менен коштолду.

Конфуций классы чай берүү аземин көрсөтүү менен бирге каллиграфия чеберчилиги менен тааныштырышты. Кытай операсы ушул класстын окутуучусу Маметова Азиза тарабынан мыкты чеберчилик менен аткарылды.

Түрк маданияты жана тили борборунун бийчилери улуттук бийи менен көрүүчүлөрдүн назарын бурушту. Ошондой эле бул жерден көрүүчүлөр түрк даамын татышты.

«Орус тили» кафедрасы орус элинин улуттук бийи менен залдагы коноктордун көңүлүн бурду.

Чет тилдер, Немис тил борборлору мыкты китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Ал эми Кыргыз-Корей борбору көрүүчүлөргө корей оюндарын уюштурушту.

Көргөзмөнүн соңунда «Тил – достуктун ачкычы» аттуу иш-чаранын расмий бөлүгү болуп өттү.

Тегерек столдо ТОМЕР түрк курстарынын директорунун орун басары Мустафа Булут, Конфуций классынын окутуучусу А.Маметова, Немис тили борборунун жетекчиси Ш.Токтосунова, «Орус тили» кафедрасынын башчысы Ж.Барсанаева, «Кыргыз тили» кафедрасынын башчысы Жумагул кызы А., «Англис тили» кафедрасынын окутуучусу А.Чыныбаева өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүшүп, алдыга койгон пландарын, сунуштарын айтышты.

Аталган иш-чара университеттин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть