17:23 1 марта 2021

ОшТУнун студенттери Корея мамлекетинде билимдерин улантышат

Корея мамлекети менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык, Ош технологиялык университетинде «Седжон Хагдан» корей борбору иш алып барат.

Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде жыл сайын ОшТУдан бир нече студенттер Корея мамлекетине барып, өздөрүнүн адистиктери боюнча аталган мамлекеттин жогорку окуу жайларында билим алып келишет. Андан сырткары, аталган мамлекеттен келген студенттер ОшТУдан окуу жайга келип, өздөрүнүн билимин уланта алышат.

Учурда Корея мамлекеттик гранттын негизинде окуу мүмкүнчүлүгүнө 5 студент ээ болуп, өздөрүнүн билимин улантуу үчүн жөнөп жатышат. Алар 2021-жылдын март айынан баштап ар бири өздөрү тандаган адистиктер боюнча Корея мамлекетиндеги университеттерде окуп башташат.

1. Мурзабеков Эламан — Корё университети (Механикалык инженерия);

2. Джолчиева Жаңылай — Пусан чет тилдер университети (Компьютердик инженерия;

3. Таалайбек кызы Нуркыз — Пугёң университети (Архитектура);

4. Абылбек кызы Марал — Ёңжин колледжи (Компьютердик маалымат);

5. Абдужалилова Мухаббат — Ёңжин колледжи (Компьютердик маалымат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть