Ош технологиялык университетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы Ош шаарындагы «РСК Банк» ачык акционердик коому жана Ош шаардык салык кызматы менен түзүлгөн келишимдерге ылайык тыгыз иш алып барууда.
Бул эки тараптуу кызматташуунун негизинде «РСК Банк» экономика адистигиндеги студенттерге «Банк ишмердүүлүгүнүн негиздери» предмети боюнча окуу-практикалык кабинетин пайдаланууга берди.
Ошондой эле «Жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү салыктар» предметинен салык кызматынын алдыңкы адистери жана «Банктар аралык эсептешүү» предметинен кесипкөй банкирлер сабак өтүп бермекчи. Аталган ишканаларда студенттерге практикалык сабактарды өтүү менен бирге жумуш менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Студенттер окуу жайдан алган теориялык билимин өндүрүштүк практика менен айкалыштырууда.