ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда Мамлекеттик туу күнү белгиленди.
Иш-чара окуу жайда студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштар арасында өлкөнүн символикаларын урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.
Ректор Кудайберди Кожобеков эң башкы символикалардын бири болгон Туу күнү менен куттуктап, туу баалуулугун билүү, сезүү ар бир жарандын милдети экендигин айтып, бардык тармак боюнча өлкөнүн туусу бийик желбирей берсин деген тилегин билдирди.
Иш-чарада Мамлекеттик гимн ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырдар жаңырды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.