17:48 4 марта 2021

ОшТУда «Кесипкөй мугалим — балдардын жаркын келечеги» аттуу семинар өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору тарабынан Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору менен биргеликте »Кесипкөй мугалим — балдардын жаркын келечеги» аттуу техникалык-чыгармачылык багытындагы облустук семинар болуп өттү.

Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын Ош облусу боюнча координатору Рахманберди Назаров, Ош облусундагы мектептердин мугалимдери жана жаш ойлоп табуучулар катышты.

Технопарктын жетекчиси Нурланбек Калдыбаев инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө презентация менен баяндама жасады. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Жыйынтыгында катышуучуларга ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ОшТУнун профессору Мурзабек Сагыналиевдин катышуусунда сертификаттар ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть