Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында викторина кечеси (Quiz Night) өттү.
Акыл таймашына 8 команда катышты.
Ректор Кудайберди Кожобеков: «Жалпы коомду агартууда өлкөбүздө массалык маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз. Коомду агартуу багытында массалык маалымат каражаттары менен өнөктөш катары бирге кызмат кылабыз», - деген сөзүн айтып, оюнчуларга ийгилик каалады.
Мелдеш 2 тур менен өттү. Анда журналисттер ой жүгүртүү багытындагы 10 суроого, белгилүү кыргыз айымдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан 10 суроого жооп беришти.
Жыйынтыгында АКИpress маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери 14 упай менен 1-орунду багындырды. 2-орунга «Ош Пирим» телеканалынын журналисттери менен «Ынтымак» телеканалынын кызматкерлери жетишти. 3-орунду «Т-Медиа» командасы менен ЭЛТР командасы ээледи.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, майрамдык белектер ыйгарылды.