17:14 8 марта 2021

ОГПИнин айымдарына майрамдык сыйлыктар тапшырылды

8-март — Аялдардын эл аралык күнүн утурлай ОГПИнин мырзалар жамааты айымдарды майрамы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чарага окуу жайдын ардактуу мугалимдери, активдүү студент кыздары жана жетекчилик жамаат катышты.

Алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, ааламдын тиреги, жашоонун жүрөгү болгон аялзатына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана аялдык бакыт каалады.

Андан соң институттун проректору Каныбек Раимбеков өз сөзүндө: «Майрамдар көп, бирок арасындагы эң эле барктуусу жана кубана белгилей турчу майрам — дал ушул 8-март», - деп баса белгилеп, ажарлуу айымдарды кубануу менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүн улай институтта мыкты окуган студенттерге, ийгиликтүү иш алып барган окутуучу эжекелерге жана кызматкерлерге ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мындан сырткары, Ош шаарындагы ЖОЖдор ортосунда өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште 3-орунду камыз кылган ОГПИнин аялдар командасы жетекчилик тарабынан 5000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.

Белгилүү даталарда окуу жайдын ишин алга сүрөгөн кызматкерлер жана студенттер салттуу түрдө ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть