8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окуудагы мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн студент кыздар жана окуу жайдын алдыңкы эжекелерине майрамдык маанай тартууланып, ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.
703 аскер бөлүгүнүн Өзгөн шаарындагы ротасынын жоокерлери айымдарга арнаган көркөм ырларды окуп, обондуу ырларды аткарып, алдыңкы студент кыздарга майрамдык маанайды коштоп беришти.