17:50 11 марта 2021

ОГПИнин жаш илим изилдөөчүлөрүнүн ортосунда тегерек стол болуп өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунунда илим изилдеген студенттер арасында «Илим жана студенттердин сабаттуулугу» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага окуу жайдын ректору, п.и.д., профессор Бекмурза Зулуев, илимий иштер боюнча проректор г.и.к., доцент Элмурат Обдунов, сапат бөлүмүнүн башчысы Улан Нажимидинов жана студенттер катышты.

Иш-чаранын башкы бөлүгү илимий баяндама жасоо менен коштолуп, мында математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Аселкан Эргешбай кызы, гуманитардык факультетинин студенттери Кылымбү Эркебай кызы жана Айтбү Адылбекова жалпы сабаттуулук боюнча баяндамаларын коргошту.

Акыркы учурларда белгилүү болгондой, илимдин изине түшкөн студенттер чет өлкөгө окуу агымында агышууда. Себеби эл аралык аренадагы билим берүү системасы азыркы жаштарды заман талабына жооп бере ала турган креативдүү адис кылып тарбиялоого негиз салат. Ар тараптуу билим алуу, тажрыйба алмашуу ар бир доордо актуалдуу экени талашсыз.

Ошондуктан окуу жайдын Россиянын Урал федералдык университетинде химия багыты боюнча магистратураны бүтүрүп келген Айгүл Исамидин кызы жана Айзат Абдразак кызы «Илим изилдөөгө эмнелер талап кылынат» деген темада өздөрүнүн баяндамасын жасашты. Ошону менен бирге чет өлкөдө окуу, компетенттүү кадр болуу боюнча өз маалыматтары менен бөлүшүп, катышуучулар арасында кызуу талкуу жүрдү.

Соңунда тегерек столго катышкан илимий эксперттер тарабынан жаш илим изилдөөчүлөргө бир нече ой-пикирлер айтылып, конференциянын жүрүшүндө белгиленген сунуштар кабыл алынып, мындан ары анын үстүндө иш алып барылары чечилди.

Иш чара окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору, г.и.к., доцент Элмурат Обдунов жана Жаштар комитети тарабынан студенттерди илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын көндүмдөрүн өрчүтүү максатында уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть