17:18 12 марта 2021

ОшМУда профессор Бурул Каримова атындагы окуу-илимий лаборатория ачылды

11-мартта ОшМУда «Даңк» медалынын ээси, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, биология илимдеринин доктору, профессор Бурул Каримова атындагы «Өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү» окуу-илимий лабораториясынын ачылуу аземи болду.

Саамалыкка Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, окумуштуунун жакындары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстандан илимпоздор онлайн катышып, профессор Бурул Каримова тууралуу эскерүүлөрүн айтып, баяндама жасашты.

Лаборатория өсүмдүктөрдүн коллекциялары, гербарийлер, акыркы үлгүдөгү микроскоптор, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган. Андан сырткары, өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча профессор Б.Каримованын калеминен жаралган илимий макалалар, журналдар, аныктагычтар, «Кызыл китеп», монографиялар, сөздүктөр, усулдук колдонмолор, адабий чыгармалар да камтылган.

Бурул Каримова — өлкөбүздө биология багытындагы биринчи болуп доктордук даражага ээ болгон окумуштуу айым. Ал ОшМУда, ОшТУда жетекчилик кызматтарды аркалап, окуу жайлардын өсүп-өнүгүүсүнө өзгөчө салымын кошкон. Ошондой эле коомдук ишмер катары Ош шаардык кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болгон.

2 автордук күбөлүк, 3 патент, 7 монография, 5 окуу китеп, бир нече окуу-усулдук колдонмолордун жана 200дөн ашык илимий макалалардын автору болууга жетишкен.

Ал өзүнүн акылмандыгы, зиректиги, айкөлдүгү менен айырмаланган улуу устат наамына ээ болгон. Бурул Каримова 2020-жылы 81 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть