Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 5-март Ак калпак күнүнө карата салтанат болуп өттү.
Иш-чара институттун Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышты. Алгач ректор куттуктоо сүйлөп: «улутубуздун тарыхын, наркын чагылдырган улуттук кийимдерибизди ар дайым аздектеп, аны кийүү менен сыймыктаналы, Ала-Тоодой бийик болгон ак калпагыбыз мырзалабыздын башында ар дайым бийиктиктин символу болуп жүрө берсин», - деп билдирди.
Салтанаттын экинчи бөлүгү Ак калпакты даңазалоо максатында Ош шаардык мэриясы менен биргеликте жөө жүрүш менен коштолду.