12:10 15 марта 2021

ОшМУнун студенттери мамлекеттик экзаменди электрондук тест системасы аркылуу тапшыра башташты

ОшМУнун программисттери мамлекеттик экзамендерди (кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы, Кыргызстан географиясы) онлайн форматта тапшыруу үчүн атайын тест системасын иштеп чыгышкан.

Бул программа аркылуу 3-курстун студенттери мамлекеттик экзамен тапшырып жатышат.

«Өткөн жылы пандемия шартында 2-курстун студенттери үчүн уюштурулуучу мамлекеттик экзамен үзгүлтүккө учураган. Ошондуктан учурда тапшырып жатышат. Окуу жайдын программисттери тест система иштеп чыгып, бүгүн алгачкы жолу колдонууга бердик.

Студенттер кай жерде болбосун, смартфон жана маңдайкы камерасы бар компьютер аркылуу тапшырууга мүмкүндүк алышты. Эң башкысы, экзаменди ашыкча адамдын, окутуучулардын кийлигишүүсүз, ачык өткөрүүгө шарт түзүлдү. Студенттердин кыймыл-аракети өзү колдонуп жаткан смартфондун же ноутбуктун вебкамерасы аркылуу көзөмөлдөнөт», - деди ОшМУнун Окуу-маалымат департаментинин директору Руслан Арапбаев.

Бул тест система убакытты үнөмдөп, мамлекеттик сынактардын ачык-айкын өтүүсүн шарттайт.

Тест кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдалып, суроо-жоопторду бир учурда 3 тилде окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Тесттик база 3 предмет үчүн түзүлүп, киргизилген 900 суроонун ичинен 20 суроолуу вариантты автоматтык түрдө система өзү сунуштайт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть