Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Россиянын Агартуу министрлигинин эл аралык кызматташтык жана коомчулук менен байланыш департаментинин башчысы Евгения Павлова баштаган делегация менен жолугушту.
Делегация ОшМУнун орус филологиясы факультетинде болуп, билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, материалдык-техникалык база менен таанышты. Ошондой эле орус тили жана адабияты мугалимдеринин даярдалышы, аймакта орус тилин өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер боюнча пикир алышты.
Жолугушуу ушул жылдын 25-февралында болгон Кыргызстан менен Россия президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында өттү.