16:25 17 марта 2021

ОшМУда профессор Пирмат Купуев атындагы илимий-изилдөө борбору ачылды

ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор Пирмат Купуев атындагы илимий-изилдөө борбору ачылды.

Иш-чарага профессордун илимде жол көрсөткөн шакирттери, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, профессордук-окутуучулук курам, окумуштуунун жакындары катышты.

Илимий-изилдөө борборунда окумуштуунун өмүр жолу чагылдырылган эмгектер, илимий макалалар, окуу-усулдук колдонмолор, экономика багытындагы журналдар, окуу китептер, окумуштуунун иш столу, колдогон буюмдары коюлган.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Пирмат Купуев Ош мамлекеттик университетинин өсүп-өнүгүүсүндө, экономика багытында адистерди даярдоодо баа жеткис эмгек жасагандыгын, мыкты жетекчи, окутуучу, профессор катары үлгүлүү өмүр сүргөндүгүн белгиледи.

Саамалыкта профессор Пирмат Купуев жөнүндө даярдалган видеотасма көрсөтүлүп, студенттердин калеминен жаралган ырлар көркөм окулду.

Пирмат Купуевдин 150дөн ашуун илимий макалалары, эмгектери, 10 монографиясы жарык көргөн. Ошондой эле 5 экономика илиминин докторлорун, 30 жакын экономика илиминин кандидаттарына жетекчилик кылып, илимде жол көрсөткөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть