9:52 19 марта 2021

ЖАМУнун Медицина колледжинин студенттери Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата уюшулган сынакта 1-орунду ээлешти

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина колледжинин студенттери 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата уюшулган диспутка катышып, 1-орунду ээлешти.

Жалал-Абад шаарындагы медициналык колледждеринин студенттери арасында 2021-жылдын 16-мартында К.Ш.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинде диспут өткөрүлдү. Диспут кургак учук менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүү максатында «Доор» , USAID жана «Кызыл Ай коому» тарабынан уюштурулду.

Диспутка Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин студенттеринен куралган «Сергек жашоо» командасы, К.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык колледжинин студенттеринен куралган «Ден соолук» командасы жана Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттеринен куралган «Белая ромашка» командалары катышты.

Диспут түзүлгөн 3 программанын негизинде өткөрүлдү.

  • Саламдашуу (команданын атын чечмелөө);
  • Видеоролик (кургак учукка байланыштуу);
  • Суроо-жооптор (кургак учук боюнча ар бир командага 3төн суроо берилди, ар бир берилген суроо-жооптордун маанисин кароо).

Жыйынтыгыда 1-орунга 37 упай менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин студенттери, 2-орунга 36 упай менен К.Токтоматов атындагы Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык колледжинин студенттери, 3-орунга 34 упай менен Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери ээ болушту. Алар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть