10:49 19 марта 2021

Ноорузга карата ОшМУнун жатаканаларында майрамдык кечелер уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин №1 жана №2 жатаканаларында жашаган студенттер үчүн Нооруз майрамына карата улуттук оюндар уюштурулуп, оюн-зоок кечеси өттү. Ошондой эле сүмөлөк кайнатылып, жакшы тилектер айтылды.

Кечеге окуу жайдын жетекчиси К.Кожобеков, кесиптик кошуундун төрагасы А.Сатаров, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Ж.Артыкова катышып, студенттерди Нооруз майрамы менен куттукташты.

«Силер чыныгы студенттик жашоону баштан өткөрүп, өз тагдырыңарга жоопкер болуп калыптанып жаткан жаштарсыңар. Шаңдуу, кызыктуу күндөр менен кошо, жоопкерчилик артынган сааттар, мүнөттөр силердин турмуш пайдубалыңарды курат. Терең билим алып, өз алдынчалуулукка, татыктуу жашоого умтулгула. Биз ар дайым силердин жакшы шартта билим алууңар үчүн талбай аракет кылабыз», - деди К.Кожобеков.

Кеченин жүрүшүндө спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана профсоюз уюму тарабынан чегерилген белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть