10:11 19 марта 2021

ОшМУнун 2 факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен кызматташат

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультети, Кыргыз-Кытай факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен илимий долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду.

Анын негизинде окуу жайлар «Маалыматтар менен аймактар аралык алмашуунун негизинде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремалдуу жаан-чачындардын прогнозу» долбоорун ишке ашырмай болду.

ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин деканы Абдурашит Низамиев долбоордун алкагында аймактык климат жана жаан-чачындардын түшүү өзгөчөлүгү боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөрүн айтты. Аны менен катар академиялык алмашуу жана студенттерди окутуу маселелери да каралган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть