16:02 19 марта 2021

ИИМдин Академиясында Нооруз майрамы белгиленди

Нооруз майрамына карата ИИМ Академиясында бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Сүмөлөк жасоо 18-мартта башталып, 19-мартта жалпы өздүк курам таң эрте келип, куран окуп, жетекчилик менен бирге ооз тийишти.

ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов: «Күн менен түн тогошкон Нооруз майрамы менен баарыңыздарды куттуктайм! Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусун жар салган Нооруз босогобузда турат. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Күн менен түн теңелип, өмүрдөгү жаңы көктөмдүн башаты саналган бул майрамда адамдар санаасын унутуп, араздашууларын токтотуп, бири-бирине жакшы сөз менен жаркын маанай тартуулашат, дасторконуна берекесин жайнатышат. Бул улуу күнү ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак, ырыс-кешик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин», - деди.

Андан соң майрамдык иш-чара спорттук оюндар менен уланып, өздүк курам тайпаларга бөлүнүп, волейбол, шахмат, тогуз коргоол оюну боюнча мелдештерди өткөрүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть