ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу, боорсок жана челпек бышыруу менен башталды.
Майрамдык маанай студенттер үчүн уюштурулган спорттук иш-чаралар менен коштолду.
Бул сапар сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүүнү «Экономика» кафедрасынын окутуучулары колго алышты.