15:19 22 марта 2021

ОшМУда Нооруз майрамына карата кечелер өткөрүлдү

20-март күнү Ош шаарындагы «Мээрим» эс алуу багында Нооруз майрамы белгиленди.

Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон мэриянын өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, ректораттын өкүлдөрү, ошондой эле Ош шаарынын тургундары, коноктору, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

Нооруз майрамына карата ОшМУнун таланттары тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланып, сүмөлөк кайнатылып, окуу жайдын факультет, колледждери арасында улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өттү.

Нооруз майрамына карата кечелер ОшМУнун бардык факультеттеринде, коллеждеринде, лицейлеринде, жатаканаларында уюштурулуп, концерттик программалар, улуттук оюндар менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть