Ош шаарынын борбордук аянтында «Нооруз-2021» аталышындагы майрамдык иш-чара өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон мэриянын өкүлдөрү, Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, окутуучулары, студенттери, ошондой эле Ош шаарынын тургундары жана коноктору катышты.
Нооруз майрамына карата ОшТУнун таланттары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, улуттук каада-салт, үрп-адаттар көрсөтүлдү. Анда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, окуу жайдын таланттуу студенттерине активдүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлык тапшырды.