Кадамжай районундагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлдү.
Мектепте кыргыздын көл өнөрчүлүгү боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп, дубал гезиттер чыгарылды.
Мындан тышкары, мугалимдер арасында 24-март — Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата ден соолукту чыңдоо максатында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.