17:31 23 марта 2021

ОшМУнун базасында билим жармаңкеси өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинин базасында Россия, Казакстан, Беларусь жана башка өлкөлөрдүн университеттеринин катышуусунда билим жармаңкеси өтүп жатат.

Иш-чаранын ачылуу аземине Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов, ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышты.

Абитуриенттерге жогорку окуу жайлардын билим берүү тармагындагы ар кандай техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык жана башка багыттары, билим алууга болгон шарттары, мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар берилип жатат.

Бул жармаңке Россия, Казакстан, Беларусь жана башка өлкөлөрдөгү билим берүү системасынын географиясын кеңейтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурууда.

Жармаңке Ош мамлекеттик университетинин базасында 23-24-март күндөрү уланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть