19-мартта «Фундаменталдык жана прикладдык медициналык изилдөөлөрдүн клиникалык-морфологиялык аспектилери» аталышындагы эл аралык илимий форум өттү.
Форум Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайлары тарабынан уюштурулду.
Видеоконференция форматында өткөн илимий форумга Россиянын Н.Бурденко атындагы Воронеж мамлекеттик медициналык университетинен, Москва шаарындагы «Элдер достугу» университетинин Медициналык институтунан, Өзбекстандын Андижан мамлекеттик медициналык институтунан, Кыргызстандын Ош мамлекеттик университетинен 100дөн ашуун адистер катышты.
ОшМУнун «Анатомия, гистология жана нормалдуу физиология» кафедрасынын башчысы К.Сакибаев илимий форумга катышкан окуу жайлар мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, алдыда хирургия жана билим берүү ишмердүүлүгүнө байланышкан биргелешкен эл аралык конференцияларды уюштурууну пландалганын маалымдады.