Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылындагы №84 А.Парпиев мектебинде «Мыкты санарип мугалим» сынагы ата-энелер комитети тарабынан уюштурулду.
Сынакка 18 мугалим катышты. 1 орунга ноутбук, 2-3 орундарга телефон белекке берилди. Мындан сырткары, дагы 3 орунга мыкты белектер ыйгарылды. Ар бир катышуучу грамота жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.