14:02 29 марта 2021

ОшМУ менен Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети кош дипломдуулук долбоорун талкуулашты

Ош мамлекеттик университети менен И.Я.Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилеринин ортосунда биргелешкен билим берүү программаларын жана кош дипломдуулук долбоорлорун талкуулоо максатында вебинар уюштурулду.

Жыйынга Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Светлана Ильина баштаган бир топ факультеттердин декандары, структура жетекчилери катышса, ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, окуу-маалымат департаментинин директору Руслан Арапбаев, тиешелүү факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана программа жетекчилери катышты.

Онлайн жолугушууда эки окуу жай ортосунда чет тилдери (англис жана немец), химия жана биология, прикладдык информатика, башталгыч билим берүү багыттары боюнча кош дипломдуулук долбоорун түзүүнүн алгачкы кадамдары талкууланып, уюштуруу иштерин жүргүзүү, окуу пландарын интеграциялоо, билим берүү программалары менен алмашуу сыяктуу иш-аракеттер тийиштүү жетекчилерге тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть