Чүй облусунун Токмок шаарындагы Жаштар спорт мектебинин спорт залында өспүрүмдөр арасында самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.
Мелдеште Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин ЭОиЭТ-20 тайпасынын студенти Адил уулу Алымбек 98 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жыйынтыгында жеңишти багындырып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.