15:01 29 марта 2021

ОшМУда бизнес-инкубатор ачылат

2021-жылдын 26-мартында Кыргызпатент өлкөнүн жогорку окуу жайларына бизнес-инкубаторлордун тажрыйбасын киргизүү боюнча долбоордун алкагында өткөн программасын аяктады.

Жыйынга катышкан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков студенттердин инновациялык идеяларын ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирип, окуу жайдын базасында май айынын башында бизнес-инкубатор ачуу пландалгандыгын айтты.

Аталган программанын 24-февралдан 26-мартка чейин өткөн окуусуна катышкан ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин окутуучулары Анара Карабекова, Азизпошо Абдуллохонова, Бектур Раимбердиевдер долбоордун алкагында эл аралык менторлордон сабак алып, сертификаттарга ээ болду.

Эми аталган окутуучулар университетте май-июнь айларында стартаптарды түзүү боюнча студенттер үчүн окуу уюштурушат. ОшМУдагы бизнес-инкубатор боюнча окуудан ийгиликтүү өткөн студенттер өздөрүнүн бизнес-план, бизнес-долбоорун түзүп, «Стартап Кыргызстан» сынагына катышып, ар бир долбоор үчүн 200 миң сом утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть