2021-жылдын 24-мартында Каракол шаарында Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн марафонго К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин табигый илимдер жана дене тарбия факультетинин студенттери да катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
29-мартта ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев марафондон 1-орунду алган ФС-41 тайпасынын студенти Исламбек Махмедовду жана 2-орунду ээлеген ФС-31 тайпасынын студенти Усупбеков Акбердини кабыл алып, алган кубок, грамоталары менен куттуктап, студенттердин спорт жаатында дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратарына тилектеш экенин белгиледи.
Студенттер өз кезегинде сергек жашоонун маанилүүлүгүн айтып, Каракол шаарынын жаштарын спорт менен машыкканга чакырып өтүштү.