Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинде адистиктер аралык футбол оюну боюнча спорттук мелдеш өттү.
Аталган иш-чара Гуманитардык-технологиялык колледжинин Жаштар комитети тарабынан студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулуп, жалпысынынан спорттук мелдешке колледждин студенттеринен түзүлгөн 7 команда катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду «Энергетика» кафедрасы, 2-орунду «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасы, 3-орунду «Информатика, программалоо жана байланыш» кафедрасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.
«Жаштарды спортко тартуу менен алардын ден соолугунун бекемдигине жана бош убактысын туура пайдаланууга үндөй алабыз. Ошондой эле спорт – достуктун, биримдиктин булагы, студенттер бири-бири менен жакындан таанышып, достук мамиле курууга жол ачылат», - дешет уюштуруучулар.