9:10 5 апреля 2021

ОшМУнун медицина факультетинин адистиктери ортосунда студенттик олимпиада өттү

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин адистиктери ортосунда «Үй-бүлөлүк дарыгерлер — ден соолукту чыңдоо жолундагы алдыңкы лидерлер!» аттуу студенттердин олимпиадасы өттү.

Шаңдуу оюнга факультеттин 6 курсунда билим алып жаткан тайпалардан 5 команда катышты.

Жыйынтыгында «Үй-бүлөлүк медицина планетасы» жана «Иммунитет» командалары 1-орунду, «Импульс» командасы 2-орунду, «Үй-бүлөлүк дарыгерлер лигасы» командасы 3-орунду, «Mix» командасы 4-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөр диплом, белектер менен сыйланышты.

Студенттердин олимпиадасы факультеттин «Ички оорулар» кафедрасы тарабынан демилгеленип, уюштурулду. Максаты — Кыргызстанда, өзгөчө, айыл жергесинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуда салым кошуу, студенттердин бул багытта кесип тандоосуна багыт берүү болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть