16:50 5 апреля 2021

ОшТУда Бухгалтерлердин жана аудиторлордүн кесиптик күнүнө карата семинар болуп өттү

Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасы тарабынан 3-апрель – Бухгалтерлердин жана аудиторлордүн кесиптик күнүнө карата «Бухгалтер жана аудитор кесибинин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү» деген темада стейкхолдерлер менен биргеликте семинар болуп өттү.

Семинарда алдыңкы студенттерге ардак грамоталар, сертификаттар берилди.

Төмөндөгү темалар боюнча баяндамалар жасалып, талкуу болду:

1. «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын акыркы жылдардагы жетишкендиктери» — э.и.д., проф. ОшТУ Абдиев М.Ж.

2. «Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы бухгалтерлердин ролу, персоналдык өнүгүү» — ААК «АЮ Гарант» камсыздандыруу компаниясынын финансылык директору Алмазбеков Азамат-Алтай.

3. «Бухгалтер жана аудитор кесибинин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү» — ИИМдин Ош шаардык күзөт бөлүмүнүн башкы бухгалтери Базарбаева Курманжан.

4. «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» профили боюнча адистерди даярдоодогу жана сертификациялоодогу тенденциялар» — ОшМУнун Бизнес жана менеждмент факультетинин практика боюнча жооптуусу, э.и.к., доцент Токторов К.К.

Семинардын жыйынтыгы боюнча «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит», «Эсеп, анализ жана аудиттеги интернет технологиялар жана башкаруу» профилдери боюнча студенттерди окутууда иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу, аларды практика өтүүгө көмөктөшүү, ар кандай долбоор, гранттарга активдүү катышууну күчөтүү боюнча иш чаралар сунушталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть