8:40 6 апреля 2021

ОшТУда «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу эл аралык жаштар сынагы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана балдардын республикалык «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясынын 60 жылдыгына арналган «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу эл аралык жаштар сынагынын областтык туру Ош технологиялык университетинде болуп өттү.

Сынакка 200дөн ашуун изилдөө жана ойлоп табуу долбоорлору, экспонаттар, моделдер сунушталып, 7 номинация коргоого коюлду. Аларды коргоо төмөнкүдөй 7 номинацияда өттү:

1. «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясы

2. «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы

3. «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар» номинациясы

4. «Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясы

5. «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы

6. «Дубалга илинүүчү моделдер» номинациясы

7. «Астрономиялык турнир» номинациясы.

Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты бул иш-чаранын өтүшүнө бардык шарттарды түзүп берип, жогорку деңгээлде өтүшүнө көмөктөштү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор, ардак грамоталар, баалуу белектер жана сертификаттар менен сыйланышты. Сынактын жеңүүчүлөрү Ысык-Көлдө өтүүчү республикалык сынакка катышат.

Жаштардын эл аралык «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» сынагы — бул чыгармачыл долбоорлору жана ойлоп табуу идеялары үчүн турмушка уникалдуу жолдомо гана эмес, жаш конструкторлор жана ойлоп табуучулар үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өздөрүнүн жекече идеялык салымдарын кошуунун мыкты мүмкүнчүлүктөрүн да жаратат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть