7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата ОшМУнун «Ак-Буура» кампусунда окутуучулар арасында аралыкка чуркоо боюнча мелдеш уюштурулду.
Ден соолукту чыңдоо жана спортту жайылтууга багытталган иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.
500 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеште 40 жаштан жогорку окутуучулар арасында 1-орунду табият таануу жана география факультетинен Матлюба Сариева, 2-орунду медицина факультетинен Чынара Алдашова, 3-орунду Рахат Ашимова ээледи.
40 жашка чейинки окутуучулар ортосундагы мелдеште 1-орунду медицина факультетинен Айжамал Жумабекова, 2-орунду Айчүрөк Арыпжанова, 3-орунду Эленора Жолдошова ээлеп, диплом, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чаранын алкагында мелдештин катышуучуларынын жана коноктордун кан басымы өлчөнүп, кеңештер берилип турду.
Ден соолук күнүн белгилөө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен 1948-жылы кабыл алынган.