Ош мамлекеттик университетинин факультет, колледждеринин декан, директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары «Кел, жигиттер! кел, кыздар!» аттуу ыр-күлкү концертин тартуулашты.
Окуу жайдын студенттик коомчулук менен байланыш проректору Жылдыз Артыкова баштаган декан, директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары кечеде ырдап-бийлеп, тамашалуу сахналык көрүнүштөрдү коюп, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.
Иш-чара эмгек жамааттын ичинде маданий эстетикалык табитти жогорулатуу, окутуучулардын арасындагы таланттарды эл алдына алып чыгуу, чыгармачылык жөндөмүнө шык берүү, студенттик коомчулук менен байланышты күчөтүү максатында уюштурулган.