14:23 9 апреля 2021

ОшМУда улуттук каада-салт, үй-бүлөлүк баалуулуктарга арналган конференция өттү

2021-жылдын 8-апрель күнү ОшМУда «Келечек муунду руханий өнүктүрүү – өлкөнүн заманбап өнүгүүсүнүн кепилдиги» аталышында илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияда өкмөт башчынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев «Кыргызстандыктарды руханий адеп-ахлактык өнүгүүгө жана дени сак, сергек жашоого багыттоо – өлкө идеологиясынын өзөгү» темасында баяндама жасады. К.Осмоналиев мамлекеттик идеология аң-сезимде кылымдар бою туруктуу жана тынымсыз жаратылып, жашап келген көз караштар, баалуулуктардын натыйжасында гана келип чыгарын белгиледи.

Жыйында тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сыдык Смадияров, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдумиталип Мурзакметовдор улуттук каада-салт, үй-бүлөлүк жана коомдук салттуу баалуулуктардын илим, билим жана маданият аркылуу берилиши тууралуу маалымат беришти.

Гапыр Мадаминов жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тарбиялык маанидеги берүүлөр көп чагылдырылышы керек деген пикирин айтты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык уюштурулуп, маданий-гуманитардык, илим, билим берүү жана дене тарбияны өнүктүрүү ишмердигин жайылтуу максатында өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть