18:34 8 апреля 2021

ОГПИде Турсунмамат Абжалов атындагы «Кыргызстан тарыхы» каанасы ачылды

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жамааты маркум Турсунмамат Абжаловду эскеришти.

Окуу жайдын башкы имаратында агайдын атына арналган «Кыргызстан тарыхы» каанасынын ачылыш аземи болуп, иш-чаранын расмий бөлүгү акты залында уланды.

Эскерүү кечеге устаттын окутуучулары, замандаш достору, шакирттери, үй-бүлөсү, бир туугандары келип, окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Турсунмамат Абжалов тууралуу даярдалган тасма көрсөтүлүп, жалпы катышуучулар агайдын жаркын элесин экрандан көрүп, көздөрүнө жаш алышты. Андан соң эскерүү сөздөр айтылып, агайга арналган чыгармалар аткарылып, комуз күүлөрү чертилди.

Бул кечеде Турсунмамат Абжаловдун ким болгондугу, ишмердүүлүгү, адамдык сапаттары жана жасаган эмгектери туурасында кенен сөз козголуп, жалпы замандаштары өзгөчө кайгыруу менен эске салып, жанынын урматына куран окушту.

Турсунмамат Абжалов 1956-жылы Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Окуу жайда 1979-жылы эмгек жолун баштап, өзүнүн 40 жылдык өмүрүн ОГПИнин өнүгүүсүнө арнаган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусу болгон. Агайдын артында 5 уул, 1 кызы калды. 2019-жылы оорудан улам кайтыш болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть