8:12 12 апреля 2021

ОшТУда спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттеринин ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешти факультеттин деканы Жорокулов Дуйшеналы ачып берип, студенттерге ийгиликтерди каалады.

Аталган иш-чара студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулуп, спорттук мелдешке факультеттин балдар жана кыздар курама командалары катышты.

Жыйынтыгында кыздар арасында 1-орунду ИКТ тайпасы, 2-орунду ИКТ-19 тайпасы, 3-орунду ДО-19 тайпасы камсыз кылса, ал эми «Мыкты чабуулчу» деп Анарбек кызы Айзат табылды.

Балдар арсында 1-орунду ЗЧС-19 тайпасы, 2-орунду ГСПМ-18 тайпасы, 3-орунду ЗЧС-18 тайпасы камсыз кылса, ал эми «Мыкты чабуулчу» деп Абдыкалык уулу Кылым табылды.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть