8:13 12 апреля 2021

ОшТУнун студенттерине тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде студенттерге учурдагы коомдо жаштар арасында жүз берип жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жаштарды жакшы билим алып, келечекте өз кесибинин мыкты адиси болууга чакыруу максатында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек Орунбаев, Ош облусунун казыятынын өкүлү Жамийла Жапашова, «Ыйман-бакыт» коомдук фондунун директору Бакыт Алимбаев, Үй-бүлө академиясынын жетекчиси Алмагүл Сапарова, окуу жайдын жетекчилиги жана студенттери катышты.

Жолугушуунун аягында казыяттын өкүлдөрү студенттердин суроолоруна жооп беришип, эркин формадагы маектешүү жүргүзүлдү. Университеттин жетекчилиги бул багыттагы жолугушуулар, тарбиялык иш-чаралар мындан кийин да улантыларын белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть