14:43 12 апреля 2021

ОшМУ менен БААУнун кызматташуусу бекемделет

Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти, доктор Эндрю Качинс ОшМУга иш сапары менен келди.

Ректор Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда эки окуу жай ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө сүйлөшүү болду.

Учурда «Ош декларациясына» кирген окуу жайлар академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташып, студент алмашып, билим берүү алгылыктуу жүрүүдө. Буга байланыштуу окуу жай жетекчиси Борбор Азиядагы Америка университетин «Ош декларациясына» мүчө болууга чакырды.

Эки университет ортосунда «Эразмус+» программасынын негизинде биргелешкен эл аралык долбоорлорго катышуу, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашууларды уюштуруу багытында кызматташууну өнүктүрүү макулдашылды.

Доктор Эндрю Качинс ОшМУнун музейи, автоматташтыруу жана санарипттештирүү иштери менен таанышты.

Ош мамлекеттик университети менен Борбор Азиядагы Америка университети 2018-жылы эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть