15:57 12 апреля 2021

ОшТУда «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Ош технологиялык университетиниде технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Өзгөчө кырдаалдарда коргоо» адистигинин студентерине Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулуп, жалпысынынан 5 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду «Цунами» командасы, 2-орунду «Жарандык коргонуу» командасы, 3-орунду «Куткаруучулар» командалары камсыз кылып, «Мыкты капитан» номинациясы менен ЗЧС-18 тайпасынын студенти Мурзаев Данияр сыйланды. Жеңүүчүлөргө грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть