17:57 12 апреля 2021

ОшТУда Космонавтика күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде 12-апрель — Космонавтика күнүнө карата «Космостук изилдөөлөр – адамзат цивилизациясынын келечеги» аттуу  илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Аталган иш-чара окуу жайдын «Физика жана энергетикалык машина куруу» кафедрасынын эмгек жамааты тарабынан уюштурулуп, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнө караштуу А.С.Жаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун өкүлдөрү, университеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышып, анын жүрүшүндө илимий баяндамалар жана учурдагы ачылыштар тууралуу маалыматтар айтылды. 

Жаратылыш байлыктары боюнча институтунун директорунун милдетин аткаруучу, техника илимдеринин кандидаты Урмат Абдалиев баяндама жасады. Жыйынтыгында активдүү катышуучуларга жана мыкты илимий баяндама жасаган студенттерге баалуу белектер берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть