18:49 12 апреля 2021

ОГПИ менен БААУнун кызматташтыгы уланат

Борбордук Азиядагы Америка университеттин президенти Эндрю Каченс иш сапары менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна барып, окуу жайдын ректору Бемурза Зулуев менен жолугушту.

Жолугушуунун башкы максаты эки окуу жайдын кызматташтыгын арттыруу жана алдыда бирге иш алып барууга пландарды түзүү болуп саналат.

БААУну президенти ОГПИ менен байланыш тарыхы бар болгондуктан, дагы да ал байланышты бекемдөө үчүн жана институт менен жакындан таанышуу үчүн келгенин айтты. «Негизи, эки окуу жайдын алакасын арттыруу үчүн мобилдүүлүк программаны жөнгө салып, окутуучулардын жана студенттердин алмашып окуусуна көңүл бурушубуз керек. Биздин иш үстүндөгү келишимибиз кагаз үстүндө калбастан, конкреттүү ишке ашуусун каалайм», - деди ал.

Жолугушуунун алкагында ушул сыяктуу бир канча маселелер талкууланып, жетекчилер билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алдыда бирге кызматташууну пландашты.

ОГПИ менен БААУнун ортосундагы байланыш буга чейин эле активдүүу ишке ашып, натыйжада окутуучулар жана студенттер университетке мобилдүүлүк программасы аркылуу барып окуп, тажрыйба алмашып келишкен.

Эндрю Каченс БААУнун президенти болуп 2 жылдан бери иш алып барат. Өткөн жылдагы пандемияга байланыштуу Ош шаарына быйыл барып, окуу жайдын жетекчилери менен таанышып, Ош шаарында жашаган БААУнун бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу максатында келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть