Ош технологиялык университетинин «Студенттик акыйкатчы» аппараты «Тазалык университет үчүн, университет биз үчүн!» урааны менен окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты.
«Ар бирибиз тазалык үчүн жооптуу экенибизди унутпай, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегенге аракет кылуубуз зарыл», -дейт акциянын катышуучулары.