9:01 19 апреля 2021

ОГПИде 1-курстар арасында спорттук мелдеш өттү

Ош гуманитардык- педагогикалык институнун факультеттери ортосунда 1-курстагы студенттердин спорттук мелдеш өттү.

Аталаган студенттик спартакиадага 1-курсттун студенттери ар бир факультеттен команда болуп катышышты. Мында ар бир факультеттен түзүлгөн командалар жободо белгиленгендей волейбол (кыздар, балдар), шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча күч сынашты.

Иш-чара студенттерди руханий жана дене маданиятын өнүктүрүү, спортко болгон жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана факультеттер ортосунда ынтымакты бекемдөө максатында институттун дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулган.

Мелдештин жыйынтыгы спорттун ар бир түрү жана командалык эсеп менен чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле мелдеш учурунда өз чеберчилигин көрсөткөн студенттер белгиленип, окуу жайдын студенттик курама командаларына кабыл алынды.

Байгелүү орунду ээлеген факультеттер жана мыкты оюнчулар 18-май — ОГПИнин күнүнө карата өтүүчү жыл мыктыларын сыйлоо аземинде окуу жайдын жетекчилиги тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышмакчы.

Мелдештин жыйынтыгы:

Волейбол (балдар):

  • 1-орун — Дене-тарбия факультети
  • 2-орун — Гуманитардык факультети
  • 3-орун — Табият таануу жана география факультети

Волейбол (кыздар):

  • 1-орун — Музыкалык-педагогикалык факультети
  • 2-орун — Колледж
  • 3-орун — Математика жана компьютердик технологиялар факультети

Шахмат боюнча:

  • 1-орун — Табият таануу жана география факультети
  • 2-орун — Кыргыз-Россия факультеи
  • 3-орун — Музыкалык-педагогикалык факультети

Тогуз коргоол боюнча

  • 1-орун — Табият таануу жана география факультети
  • 2-орун — Кыргыз-Россия факультеи
  • 3-орун — Гуманитардык факультети
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть