Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмү менен биргеликте 17-апрель — Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрдү.
Акцияга эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ош шаарына жакын жайгашкан Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунан гемофилия менен жабыркаган балдар ата-энелери менен келип катышты.
Уюштуруучулар гемофилия жөнүндө маалыматтарды беришип, чакан маанай көтөргөн концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын негизги максаты — коомчулукка гемофилия илдети тууралуу маалыматтарды жеткирүү, оорунун алдын алуу, бейтаптардын өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн жакшыртуу. Акцияга медицина факультетинин «Ички оорулар №3 жана педиатрия» кафедрасынын жамааты, студенттер активдүү катышты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда гемофилия менен ооругандардын саны 400гө жакын, анын 40 пайызын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.