15:46 17 апреля 2021

КУУнун жетекчилери ишембиликке чыгып, арча менен кайыңдын көчөттөрүн отургузушту

Аймактарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында 2021-жылдын 17-апрель күнү КУУнун ректору Канат Садыков, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров жана биология факультетинин жетекчилиги менен студенттери ишембиликке чыгышып, окуу жайдын ботаникалык багындагы жер тилкесине арча менен кайыңдын көчөттөрүн отургузушту.

Иш-чаранын башында ректор ботаникалык бактын аймагын кыдырып чыкты. Ал жердин абалы, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров, ботаникалык бактын башчысы Улукбек Невераев менен Түштүк Корея өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча эл аралык программасын (KOPIA) Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча борбордун өкүлү Аркадий Кан айтып беришти.

Алардын айтымында, буга чейин ботаникалык бакта сугат маселеси чечилбей келсе, 2020-жылы университет бөлгөн каражатка скважина казылып, суу чыгарылган. Суу маселеси чечилген соң бак-дарактар тигилип, биология факультетинин окутуучулары менен студенттеринин окуу жана илимий-тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн ботаникалык бактын аймагы «Мөмөлүү дарактар», «Чөп өсүмдүктөрү жана гүлдөр», «Декоративдүү дарактар жана бадалдар» деп аталган 3 тилкеге бөлүнүп, эксперименттер жүргүзүлө баштады.

2021-жылдын 21-январында KOPIA менен түзүлгөн келишимдин негизинде ботаникалык бактын аймагына жаңы технологияларды колдонуу менен иштей турган заманбап күнөскана курулуп, ал жерде Кыргызстандын фермерлери, дыйкан чарбалары жана биология факультетинин студенттери үчүн Түштүк Кореянын айыл чарба тармагындагы жетишкендиктери, топуракты иштетүү, тамчылатып сугаруу боюнча жаңы технологиялары көрсөтүлүп, семинар, сабактар өтүлөт жана тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.

Кореялык инвесторлор ботаникалык бактын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, жогоруда айтылган сабактарды өтүү үчүн «жайкы» жана «кышкы» дарсканаларды курушат.

Ишембиликтин соңунда ректор ботаникалык бакта алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, прогрессивдүү өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, ботаникалык бактын башчысы Улукбек Невераевге ыраазычылык билдирди жана ийгиликерди каалады.

Материал сайтка илинип жатканда басма сөз кызматына KOPIAнын директору Ли Санг Дук мырза келип, аталган уюм тууралуу кеңири маалымат берип, жазылган маалыматтар так экенин тастыктап, өзүнүн презентациясын таштап кетти.

Ал жогоруда айтылгандардан сырткары, селекция иштери да жүргүзүлөрүн белгилеп, Кореядан жана башка мамлекеттерден алынып келинген өсүмдүктөрдүн уруктары ботаникалык бакта текшерилип, апробациядан өтүп, жыйынтыгында, ал өсүмдүктөрдүн Кыргызстандын шартына ылайыкташтырылган, жергиликтүү сорттору чыгарыларын билдирди. Мындан сырткары, ботаникалык бакта Технопарк ачылып, ал жерде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, сугаруу жана топуракты иштетүү боюнча Кореядан алынып келинген заманбап технологиялар көрсөтүлөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть