Жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты 16-17-апрелде Бишкек шаарында өттү.
Чемпионатка Ош шаарынын командасынынын курамында барган ОшМУнун 1 окутуучусу, 2 магистрант, 1 студенти 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалды жеңип келишти.
Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Алымкан Жамшитбекова 800 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду, 400 метр аралыкка чуркоодо 2-орунду багындырды. Магистранттар Садыкжан уулу Шахзатбек 400 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду, 200 метр аралыкка чуркоодо да 1-орунду камсыздаса, Мукумбек уулу Майсал 800 метр аралыкка чуркоодо 3-орунду ээледи. Ал эми Медициналык колледждин студенти Кадыров Элдияр 1500 метр жана 5000 метр аралыктарга чуркоодо 4-орунду ээледи.
Чемпионаттын алкагында Алымкан Жамшитбекова, Садыкжан уулу Шахзатбек жана Кадыров Элдияр май айында Ташкент шаарында, июнь айында Алматы шаарында өтүүчү эл аралык мелдештерге катышууга жолдонмо алышты.