11:28 19 апреля 2021

ОшМУнун психология адистигинин студенттери эл аралык конференцияга катышты

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Польшанын Быдгощ шаарында жайгашкан Жогорку экономикалык мектеби жана Россиянын Забайкалье мамлекеттик университети тарабынан эл аралык онлайн конференция уюштурулду.

Онлайн иш-чарага педагогика, медицина, дене тарбия, психология жаатындагы илимпоздор жана Чехия, Польша, Россия, Казакстан, Монголия жана Кыргызстандан студенттер катышты.

ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин психология адистигинин 3-курсунун студенти Нураим Султанова «Кыргызстандагы майып балдардын психофизикалык ден соолугунун көйгөйлөрү» деген темада баяндама жасады. Ал эми 2-курстун студенттери Жазгүл Маматова менен Акылай Тилебалдыева «Бала бакчанын үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөгү ролу», Айназик Абдуллакимова «Майып балдардын психофизикалык ден соолугу» деген темаларды ачып беришти. Жыйынтыгында студенттерге жана илимий жетекчисине сертификаттар тапшырылды.

«Конференцияда абдан актуалдуу маселелер козголду. Өзүнүн баяндамалары менен катышкан студенттерде илимге болгон кызыгуу артты десем болот. Мындан сырткары, «Эразмус+» программасы аркылуу студенттерди академиялык мобилдүүлүккө чыгаруу аракеттерин да көрүп жатабыз», - деди студенттердин илимий жетекчиси, философия илимдеринин доктору, психология кафедрасынын профессору Асылбек Эшиев.

Конференция мектеп жашына чейинки балдардын ден соолугу жана билим берүү маселелерине арналып уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть