Президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ардагер кызматкерлеринин ортосунда спорттун шахмат түрү боюнча 2 күнгө созулган турнири өз ишин аяктады.
Мелдештин жыйынтыгында I орунду Т.Тагаев, II орунду М.Раманкулов, III орунду О.Акматов камсыздашты. Жеңүүчүлөр ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.